Балдардын шоктугунан Түптө 2 тонна эндей чөп өрттөнүп кетти (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Жылуу-Булак айылында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге 16-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Түп районунун Жылуу-Булак айылынын жайгашкан турак үйдүн короосунда чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Өрт чыккан жерге​ өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жалын саат 13:42де чектөөгө алынып, саат 16:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 350 түк жана 2 тонна эндей чөп толугу менен күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан келип чыккан.