«Балдарыңды ойло». Лейлекте опузалап коркутууга шектелгендер кармалды

Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну 2022-жылдан бери 4 жаран “балдарыңдын келечегин ойло, аларды көрбөй калышың мүмкүн, өзүң дагы майып болуп калба” деп коркутушуп, 15 миң доллар опузалап талап кылышкандыктан, «күйөө баламдын айдап жүргөн Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын 1 миллион сомго карызга алып, аларга өткөрүп бергем» деп арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Бул арыз Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мидиция жогорудагы арыздын негизинде ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, жабырлануучуну коркутуп акча талап кылып жүргөн топту, тактап айтканда ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин аныктады. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Ж.У., Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну Б.Б. Бишкек шаарынан, ал эми Лейлек районунун Интернационал айылынын 46 жаштагы тургуну Ш.Ө. Сүлүктү шаарынан аныкталып, кармалды. Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, булардын кылмыштуу шериги Г.М.га издөө иштери ачылды. Учурда тергөө иштери уланууда.