Балка менен уруп… Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн күйөө кармалды

17-январь күнү саат 22:00 чамаларында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургуну 38 жаштагы келинди үйүндө 49 жаштагы жолдошу ачуу үстүндө башы менен көз тарабына сүзүп, колу менен бети-башына жана бөлмөдө турган балка менен желке тарабына уруп денесине жараат келтирген. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Натыйжада келин денесинен алган жараатынан улам Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган. Бул окуя боюнча топтолгон метериалдар Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине 18-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Окуя боюнча Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургуну 1975-жылы туулган Д.Н. Сузак РИИБдин тергөө кызматында көрсөтмө берген. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 17-январь күнү саат 22:00 чамаларында үйүндө аялы баласын уруп жаткандыгына ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин билдирген. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен бут тарабына урган учурда, колунан балканы алып, кайра аялынын желке тарабына ургандыгын айткан. 18-январь күнү эрте менен аялы ооруп калгандыктан тез жардам кызматын чакырып, аларга кошуп бергендигин билдирген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялынын алсыздыгынан пайдаланып, окуя болгон күнгө чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгендиги, бирок аялы эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болгон.

Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Д.Н. шектүү катары кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.