25-июль күнү саат 21:47 чамасында Токмок аймагында Балыкчы-Бишкек багыты боюнча жүрүп бараткан жүргүнчү поезддин бир нече вагонун белгисиз адамдар таш менен урган бейбаштык аракеттерди жасашкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
«Бул факты боюнча маалымат Чүй РИИБде катталып, текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат. Мындай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин жана алар үчүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз», — деп жазылат.