Балыкчы-Бишкек багытындагы поездди таш менен ургандар балдар экени аныкталды

25-июль күнү Токмоктун жанында поезд өтүп баратканда белгисиз  вагонго таш ыргыткан. Милиция бул ишке катышкан — 15, 14 жана 12 жаштагы өспүрүм балдарды аныктады. Алар жашы жете элек болгондуктан, жоопкерчиликке тартылган жок.

Бирок милиция балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындай иш-аракеттер кооптуу экенин жана мыйзам бузуу болуп эсептелерин эскертти.