Балыкчы шаарында 4 жаштагы чөккөн кызды издеп жаткан суучулдар 16 жаштагы кызды куткарып калышкан (видео)

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сууга чөккөн кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
— Кечээ, 28-июлда 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз «Алия» мейманканасынын тушундагы көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.
Ошол учурда ал аймакта алар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.
Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышып, “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен.