Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрдө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүдө Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636-аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансылык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдасына алышкандыгы аныкталган. Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.