Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктө 900 миң сом кымырылганы аныкталды

Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрдө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636-аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансылык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдасына алышкандыгы аныкталган. Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.