Балыкчы шаарындагы кампа өрттөндү (сүрөт)

Балыкчы шаарында кампа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

​Кечээ, 16-ноябрь күнү ӨКМге Балыкчы шаарынын Калдыбаев көчөсүндөгү турак үйдүн сарайы күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге бир бөлүм тартылып, саат 19:24тө жалын чектөөгө алып, саат 19:41де толук өчүрүлгөн. Жалпысынан 16 чарчы метр сарай күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.