Балыкчыдагы өспүрүм кызды сүзүп кеткен кырсык Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынды

Балыкчы шаарында өспүрүмдүн катышуусу менен орун алган жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы билдиргендей, кечээ, 26-январь күнү саат 14:30 чамасында милицияга белгисиз адам телефон аркылуу Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз автоунаа сүзүп кеткенин билдирген. Аталган билдирүү Балыкчы ШИИБдин маалымат электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы териштирүү иши башталган.

Билдирүү боюнча Балыкчы ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу ооруканага барган учурда, жол кырсыгынан жабыр тарткан өспүрүм кыз А.Ф. экендиги аныкталып, Балыкчы шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү такталган.

Алдын ала териштирүүдө, жол кырсыгына шектүү автоунаа аныкталган. Унаа Балыкчы ШИИБге тиешелүү болгон «GEELI Mongarа» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа болуп чыкты. «GEELI Mongara» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа айып короого киргизилген.

Аталган жол кырсыгы коомчулук арасында көптөгөн талкууларды жараткандан улам, толук кандуу жана объективдүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн жерине Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү жана Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү барып, тийиштүү иштерди алып барууда жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынды.