Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 7-класстын окуучусу 2025-жылдын мартында өз үйүнөн асынып турган жеринен табылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында 36 адам суракка алынып, соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштын курамы жок деген жүйөө менен, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган.
Маркум өспүрүмдүн ата-энесинин арызынан кийин Балыкчы шаарынын прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомду жокко чыгарып, 16-июнда материалдарды тергөөгө кайтарды. ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги жана анын үч орун басары кызматтан четтетилди. Мындан тышкары, бир нече милиция кызматкерине тартиптик жаза берилди.
17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») боюнча кылмыш иши козголгон. 28-июнда 2008-жылы туулган өспүрүм кармалды. Балыкчы шаардык соту аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ал Каракол шаарындагы тергөө абагында.
24-июлда Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тергөө абагында кармалып турган өспүрүмдөн кабар алып, аны менен баарлашты. Жашы жете элек бала кармоо шарттарына жана өз укуктарынын бузулушуна байланыштуу эч кандай доомат айткан жок.
Белгилүү болгондой, баланын ата-энеси уулунун өлүмүнө бир нече өспүрүмдөрдү айыпташкан. Облустук милициянын маалыматы боюнча, калган көрсөтүлгөн адамдарга карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө.