Балыкчыда 16 жаштагы сууга чөгүп кеткен кыз изделүүдө

Балыкчы шаарында көл жээгинде 16 жашар кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

«Бүгүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу «Толкун» кум жээгинде 16 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткен. Кырсык катталган көл жээгине 7 куткаруучу тартылып, изделүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.