Балыкчыда 85 жаштагы апаны өлтүрө сүзүп кеткен делип, 21 жаштагы жигит кармалды

Балыкчы шаарында айдоочу 85 жаштагы аял кишини сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-август күнү таңкы саат 4:36 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «шаардын көчөлөрүнүн кесилишинин биринде, азият улутундагы жашы болжол менен 70-80 чамаларындагы аял кишинин жансыз денеси жол жээкте жатат» деп маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Балыкчы ШИИБдин тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда, болжолдуу Тойота үлгүсүндөгү унаасына таандык тетиктердин сыныктары табылган. Анадан тышкары, каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 297-беренесинин негизинде (жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялонун эрежелерин бузуу) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден изин жазгырып кеткен айдоочуну аныктоо боюнча багыттамалар жана тергөө тапшырмалары берилген. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Балыкчы ШИИБ боюнча жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну аныктап, милиция бөлүмүнө ошол күнү эле алып келинген. Ал ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну болуп чыгып, алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда, жол кырсыгына тиешеси бар Тойота-Витц үлгүсүндөгү автоунаа токточу жайына токтотулуп, тергөө амалдары уланууда.