Балыкчыда айдоочуну сабап, унаасын тартып алган шектүүлөр кармалды

Балыкчы шаарында белгисиз балдар айдоочуну сабап, унаасын ээлеп алышкан. Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Балыкчы ШИИБге 29 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал өз арызында 7-февраль күнү саат болжол менен 06:25 чамасында Абдрахманова жана Интернациональный көчөлөрүнүн кесилишинде досу менен БМВ үлгүсүндөгү унаасынын салонунда болгонун түшүндүргөн. Бул учурда белгисиз балдар унаанын жанына келишип, алгач унаанын айнектерин сындырып, аларды көчөгө алып чыгып, сабай башташкан. Андан соң, унааны ээлеп алышып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Арыз Балыкчы ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211 (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 280-беренелердин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кармалгандар Балыкчы шаарынын тургундары — 22 жаштагы А.Н., 21 жаштагы С.А. жана 19 жаштагы М.А.
Кылмышка шектүү жарандар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.