Балыкчыда баштыктан табылган ымыркайдын жансыз денеси. Энеси дагы эле табыла элек

6-мартта Балыкчыда ээн имараттан баштыкка салынган ымыркайдын жансыз денеси табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден анын энеси табыла электигин билдиришти.

«Тергөө иштери жүрүп жатат. Энеси табыла элек дешти»,- алар.

Ымыркайдын жансыз денеси кара баштыкка салынып, ыргытылган жеринен жергиликтүү тургундар көрүшүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан.