Балыкчыда эркек киши көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 14-сентябрда ӨКМге саат 07:19 чамасында Балыкчы шаарынын пляжындагы көлдө болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.