Балыкчыда ИИМдин эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР ИИМдин кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды.

30-июлда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды.

Аталган кызматкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан.

Кармалган адамдар козголгон кылмыш ишинин алкагында процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына алынып келинип, жыйынтыгында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.