Балыкчыда жүктөгүчтүн дөңгөлөгүнүн алдында калган жаран көз жумду

Балыкчыда бир адам жүктөгүчтүн дөңгөлөгүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя шаардагы бетон заводдорунун биринде болгон. Жергиликтүү тургун атайын техниканын сол дөңгөлөгүнө чыгып, кулап түшкөн. Унаа ошол маалда жылып кетип, жаран дөңгөлөктүн астында калган.

Эркек киши Тез жардам кызматы келгенге чейин көз жумган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.