Балыкчыда катуу шамал көп кабаттуу үйдүн жылуулаткыч темирин учуруп кетти

Кечээ, 26-май күнү Балыкчы шаарында ылдамдыгы 24-28 метр секундасына чейин жеткен шамалдын кесепетинен Соң-Көл көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин сырткы калайын учуруп кеткен.

Жерине Балыкчы шаардык N19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам топ тартылып тактоо иштерин жүргүзүп, учурган калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен. Ошондой эле катуу шамалдан Жети-Ɵгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры толугу менен ордунан 1 метр аралыкка жылып кеткен. Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Жабыркагандар жок.