Балыкчыда катуу шамалдан ооруканада жаткан эки адам жабыркады. Бүгүн, 23-январда саат 06:22 чамасында секундасына 28-34 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырган. Натыйжада 32 жаштагы аял менен 2 жаштагы бала жабыркаган. Азыр алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат», — деп билдиришти ӨКМден.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылды жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.