Балыкчыда көлгө чөгүп кеткен жаран талма оорусу менен жабыркап келген

Бүгүн, 14-сентябрда ӨКМ Балыкчыдагы пляжга эркек киши чөгүп кеткенин, маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилгенин билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон жаран тууралуу билүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы менен байланышты.

Маалыматка караганда, көлгө чөккөн жаран Балыкчы шаарынын 1984-жылы туулган тургуну. Анын денесин кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Ал эми апасы көрсөтмө берүү учурунда уулунун талма оорусу менен жабыркап келгенин айткан. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.