Балыкчыда көлгө чөккөн 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлдө көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 27-июнда Балыкчы шаарына караштуу «Толкун» кум жээгинде 16 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Кыздын жансыз денеси саат 19:20 чамасында табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.