Балыкчыда көп кабаттуу үй күйүп, 6 адам куткарылды (сүрөт)

Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдө бир батир күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Бүгүн, 15-июнь күнү Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөгү бир батири күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Батирдин ичинен 2 чоң киши, 4 бала атайын куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамы менен куткарылды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.