Балыкчыда өспүрүм кызды сүзүп кеткен кырсык. Шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаев кармалды

Кечээ, 26-январда саат 14:30 чамасында милицияга белгисиз адам телефон аркылуу Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган болчу.

Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды автоунаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.

УКМК жол кырсыгына шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин маалымдады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүлүп берилет.