Балыкчыда үйдөн өрт чыгып, 50 жаштагы киши көз жумду

Балыкчы шаарындагы Озерный көчөсүндөгү үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 1972-жылы туулган эркек киши каза болгон. Учурда өрттүн толук материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.