Балыкчыдагы жол кырсык: Шаардык милициянын мурдагы башчысы менен бир тууганы камакка алынды

26-январда саат 14:30 чамасында милицияга белгисиз адам телефон аркылуу Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз унаа сүзүп кеткенин билдирген. Жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган болчу.

Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган. УКМК жол кырсыгына шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин маалымдады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүлүп берилген.  Кийинчерээк унаанын рулунда болгону айтылган анын бир тууганы да жумуштан алынган.

Кечээ, 28-январда УКМК маалымат таратып, Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Осмонбаев Бектур Казакович Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү, Балыкчы ШИИБдин башчысы Осмонбаевдин бир тууган агасы Казаков Бекзат Казакович Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген. Аталган жаран кылмышка шектүү катары УКМК тарабынан кармалып, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.