Балыкчыдагы жол кырсыкта жабыркаган кыздын абалы айтылды

Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу жана оор. Бул тууралуу журналисттерге жалпы медициналык практика борборунан билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, бейтап дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат, аны бүгүн травматология бөлүмүнө которуу пландалууда. «Кечээ анын жамбаш сөөгү сынгандыктан, бир литрдей кан жоготуп, кан куюлган. Эртең менен анализдери жакшы болду. Баш мээси катуу тийгендиктен, бир аз баш оорусу бар, сынган жери да ооруйт»,- дешти.

Дарыгерлер башы жабыркагандыктан наркоз бербөө үчүн операцияны кийинкиге калтырууну чечишкен. Алар кыздын абалынын турукташуусун күтүп жатышат.

  • 26-январда саат 14:30 чамасында милицияга белгисиз адам телефон аркылуу Балыкчы шаарынын Аманбаева менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен өспүрүм кызды белгисиз унаа сүзүп кеткенин билдирген. Жол кырсыгы Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган болчу.
  • Прокуратура Балыкчыда өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, жогорудагы кылмыш иштердин тергөөсүнүн жүргүзүлүшүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырган. УКМК жол кырсыгына шектүү Балыкчы ШИИБдин башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаган. Көп өтпөй ИИМ ШИИБ башчысы кармалып, тергөө кызматына берилгенин маалымдады. Андан соң тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ал УКМКга өткөрүлүп берилген.  Кийинчерээк унаанын рулунда болгону айтылган анын бир тууганы да жумуштан алынган.
  • Кечээ, 28-январда УКМК маалымат таратып, шаардык милициянын мурдагы башчысы менен бир тууганы камакка алынганын билдирди.