Балыкчыдагы көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыгып, 74 жаштагы киши иске ууланды

Ысык-Көлдө үйдөн өрт чыгып, эркек киши түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге бүгүн, 19-ноябрда саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн батири күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Ал жерге бир бөлүм тартылып, өрт саат 07:30да чектөөгө алынып, 07:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 74 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.