Баңги кылмыштарына шектелген Жалал-Абаддын тургунунан тапанча табылды (видео)

Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Баңгизатын мыйзамсыз сактоо же сатуу кылмышына шектелип Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну М.Н. кармалган. Тинтүү учурунда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.