Баңгизат иши боюнча кармалган милиция кызматкерлери. Кызматтык иликтөө башталды

ИИМде милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Министрлик баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады. Иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — дешти.

УКМК ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча ИИМдин кызматкерлерин кармаган.