«Баңгизат колдонууга ыңгайлаштырган». ИИМ Бишкек-Ош жолундагы сойкукананы аныктады

Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«2023-жылдын май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган. Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында объективдүү жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында Сузак РИИБнин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.  Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран  кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган.

Учурда кармалган жаран Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,- дешти.