Баңгизат менен кармалган жарандар 13 жылга эркинен ажыратылды

Героин менен кармалгандар 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймактарынын жашоочулары тарабынан уюштурулган оор баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан Кыргыз жарандары З.Э.З. жана Ш.Э.Дж., ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин аймагына баңги каражаттарынын ар кандай түрлөрүн ташуу жана таратуу боюнча туруктуу канал уюштурган коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган.

Натыйжада, 2022-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунан 1105 грамм салмактагы героин баңгизатын (кара базарда баасы 5 миллион сомго жакын) ташып бара жаткан жеринен Талас районунун тургундары Ш.Э.Дж. жана бул каналдын уюштуруучусу З.Э.З. кармалган.

Жайыл райондук сотунун чечими менен алар мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.