Баңгизат саткан интернет-дүкөндүн түзүүчүсү 13 жылга эркинен ажыратылды

Кыргызстанда биринчи жолу онлайн баңгизат саткан дүкөндүн түзүүчүсү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана психотроптук заттарды сатуу үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернет-дүкөндүн ээси Telegram аркылуу баңгини активдүү жарнамалаган. Ал 2022-жылы баңгизат сатуу боюнча шериги менен кармалган.

Сотто 32 жаштагы шектүү күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды. 22 жаштагы шеригине 80 миң сом айып салынган.