Баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

1 килограмдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чараларын жүрүшүндө, Бажы кызматынын кинологдорунун жардамы менен, жалпы салмагы 1 килограммдан ашык болгон кара куурай түрүндөгү (гашиш) баңгизаты табылып алынган.

Кармалган жаран УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.