Баңгизат сатууга шектелип Тажик жараны кармалды. Андан 9,5 килограмм гашиш табылган

ИИМдин кызматкерлери тарабынан баңгизат сатууга шектелген коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 267-беренесинде (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө баңгизаттарды саткан чет элдик жаран кармалды. Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жаштык айылында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп жана сатууну көздөгөн Тажик жараны кармалган. Ага тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен таңгакталган 9 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат Ооганда өндүрүлгөн “гашиш” (чарс) баңгизаты болуп чыгып, анын жалпы салмагы 9 килограмм 521 граммды түздү. Азыркы учурда кармалган жаран Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.