Баңги затын чатырга каткан Жети-Өгүздүн тургуну кармалды

Жети-Өгүз районунун жашоочусунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочусу баңги заттарды сатуу максатында ири өлчөмдө баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган. Алынган маалымат катталып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну 1979-жылы туулган тургуну экени аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тинтүү жүргүзүүгө соттун санкциясы алынып, аталган жарандын үйүн кызматтык издөө итинин жардамы менен тинтүү учурунда үйүнүн чатырынан баңгизат табылган. Алынган баңгизаттын салмагы 6 килограммдан ашкан. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизат 4 килограмм 212 грамм “марихуана” жана 2 килограмм 90 грамм “гашиш” экени аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.