Бангладештин 4 жараны Кыргызстандан Өзбекстанга чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргызстандын Өзбекстан менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.
3-июнда чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун»Кум» чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын чек арасын Өзбекстан тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн  Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды. Ошондой эле, ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал аталган чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.