«Банкта 3 миллион сомум бар». Ошто алдамчылыкка шектүү аял киши кармалды

Алдамчылыкка шектүү кармалды. Андан Ош шаарында, Баткен, Ош облустарында жабыркаган жарандар көп. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ноокат районунда жашырынып жүргөн жеринен Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал 2023-жылдын март айында Ош шаарынын тургуну, 1968-жылы туулган тааныш аялдын ишенимине кирип, банктык маселелерге байланыштуу банктагы 3 миллион акчасын ала албай жаткандыгын, аз күндө эсеби ачылса берерин айтып, жабырлануучудан 800 миӊ сом өлчөмүндөгү акчасын алып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Телефон номурун алмаштырып, кайрадан байланышка чыкпай койгон.

Жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган. Шектүүнүн Ноокат районунун аймагында жашырынып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынып, маалымат тастыкталган. Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 9-сентябрь күнү аталган райондун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын 4 тургуну ар кандай ири суммадагы акча бергендиги тууралуу милицияга кайрылышкан. Ошондой эле бул шектүүдөн Ош облусунун, Баткен облусунун көптөгөн жарандары жабыркаганы тууралуу ыкчам маалыматтар бар.