«Банктан акча алып келип берем» деп жаранды 119 миң сомго алдап кетүүгө шектүү кармалды

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен районунун Кара-Булак айылынын төрт тургуну 2022-жылдын октябрь айында жаран алмаларды дүң баада баалашып алып, “азыр банктан акча алып келип берем” деп изин жашырып кеткендигин билдирип, арыз менен милицияга кайрылышкан. Жалпысынан жабырлануучуларга 119 миң сомго зыян келтирилген. Жогорудагы арыздар Баткен РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алдап кеткен жаранга издөө иши ачылган.

Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө жүрүп, 2-апрель күнү издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен аныкталып, Баткен шаарына алып барылган. Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.