Барскоон — Ак-Шыйрак, Каракол-Эңилчек унаа жолдоруна кар көчкү түштү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда саат 15:30 чамасында Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Унаа жол учурда жабык. Ал жерге тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, Барскоон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган.

Мындан тышкары саат 15:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40 метр куб кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.