«Башка чаап, кетип калган». Жалал-Абадда ооруканада жаткан жигиттин агасы милицияга кайрылды

Токтогул милициясы ден соолукка оор залал келтирүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 20-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында 24 жаштагы инисин бейтааныш бала башына катуу нерсе менен чаап, жыгылган учурда кетип калгандыгын билдирген. Кесепетинен иниси Токтогул райондук ооруканасына оор абалда жаткырылган. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары Токтогул районунун 2002-жылы туулган тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.