Башкы инспектор Орусиянын жаранынан 10 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
9-августта Орусиянын жараны А.С.Е. айдоочулук боюнча менчик мектептин инструктору менен практикалык айдоо сабагы учурунда, башкы инспектор К.А.К. тарабынан опузалап акча талап кылынган. Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптоо аркылуу, ошондой эле мүмкүнчүлүктөн ажыратам деп коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен, К.А.К. жабырланучуудан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.
24-августта Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда пара катары 10 миң сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А.К. кармалды жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.