«7 кылмыш иши козголду». Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди кармагандагы видеону бөлүштү

Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармагандагы видеону бөлүштү. Ошондой эле прокуратура министрге 7 кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси, төрт кылмыш иши — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү. Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет», — деп айтылат маалыматта.