Башкы прокуратура Азиз Суракматовдун эмнеге айыпталып жаткандыгын түшүндүрдү

Башкы прокуратура мурунку мэр Азиз Суракматов эмнеге айыпталып жаткандыгын түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык мэриясында ага тийиштүү муниципалдык ишканаларында коррупцияга каршы аракеттенүү жана жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анда калаа аймагынын түштүк бөлүгүнөн 15 гектар жана 1,83 гектар, ошондой эле шаардын башка аймактарынан кымбат баалуу жер тилкелер базар баасында атаандаштыктын негизинде берилишине карабастан, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныш Кудайбергенов (Суракматовдун аталаш тууганы) коррупциялык схемалар аркылуу өздөрүнүн жакын туугандарына жана байланышы бар курулуш компанияларына көп кабаттуу турак үйлөрдү, кафе, ресто-барларды мыйзамсыз куруу, сатуу жана ижарага берүү максатында жер тилкелерди жеке менчикке жана узак мөөнөткө алышкан. Алар туугандарынын арасында бөлүштүрүлүп, миллиондогон бааны түзгөн активдерди кирешелер боюнча декларацияга көрсөтүшпөй эбегейсиз байышкан жана ижарадагы 1,83 гектар муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз банкка күрөөгө коюлуп, 3 миллион доллар алышкандыгы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Азиз Суракматовго, Жаныш Кудайбергеновго жана катыштыгы бар башка жооптуу кызмат адамдарына карата чогултулган материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 319 (коррупция) жана 323-беренелери (мыйзамсыз баюу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.