Башкы прокуратура блогер Сыдыманга байланыштуу айыптоолордон баш тартты

Блогер Сыдыманга (Элмирбек Сыдыманов) байланыштуу бүгүн, 10-марттагы сот отурумунда прокурор  блогерге коюлган айыптоолорду алып салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыдыман тергөө органы тарабынан Жазык-процессуалдык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталган.

Ал эми бүгүнкү анын соттук отурумунда соттук-лингвистикалык экспертиза блогердин айткандарын аймактар аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган эмес экенин айтты.

Деген менен блогер SEREP MEDIA маалымат агенттигине Башкы прокуратура ага коюлган айыптардан баш тартканы менен соттун чечими чыкмайынча бул иш аяктады деп айтуу кыйын деп билдирди.

Ооба, бүгүнкү соттук отурумда прокурор буга чейин мага коюлган айыптардан баш тартып, алып салды. Бирок бул иш дагы деле бүтө элек деп эсептейм. Анткени соттун чечими чыга элек. Акыркы чечим баары бир соттон көз каранды болот”, — деп айтты ал.

2020-жылы 4-февралда Сыдыман Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылык жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Кийин июнь айында Бишкектин Октябрь райондук соту блогердин видео кайрылуусундагы айткандары боюнча кайрадан комплекстүү экспертиза дайындаган.