Башкы прокуратура: «Жалал-Абад ОИИБ менен УКМКнын кызматкерлери жоопкерчилиги чектелген коомду мыйзамсыз текшеришкен»

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан М.К. жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъектисине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишкердик субъектилеринин укуктарын колдоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндөгү актыларын прокуратура органдарында каттатып уруксат албастан, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жоопкерчилиги чектелген коомун мыйзамсыз текшерүүгө алышып, иш-кагаздарын талап кылышкан.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар облустук прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.