Башкы прокуратура: «Жол тескөөчүлөр мас абалында унаа башкарган адамды айдоо укугунан ажыраткан эмес»

Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү максатында 2023-2024-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту тарабынан ондогон жарандар мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, башкаруу укугунан 1 жылдык мөөнөткө ажыратылгандыгы жөнүндөгү токтомун аткарышпай, жаап жашырышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, жогоруда аталган кызмат адамдары “Унаа” мамлекеттик мекемесинин электрондук сактоо системасында айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулугунун статусуна өзгөртүү киргизбей жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктөрүн алып коюу жүргүзүлбөгөндүгүнүн кесепетинен, бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүктөр укук бузган жарандардын колунда пайдаланылып, алар тарабынан кайрадан ушундай эле жана башка укук бузуулар жасалган.

Аталган факты боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдарын жүргүзүүлүдө.