Башкы прокуратура: «Кочкордо бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен»

Кочкордо бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыркы учурда Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.

Документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз келтирилип, учурда каралууда.