Башкы прокуратура: «Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды»

ИИМдин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аскер прокуратурага жаран арыз менен кайрылып, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. менен биргеликте анын BMW X7 унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү жана унаасын кайтарып берүү үчүн 20 миң доллар опузалап пара талап кылып жатышкандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттери менен 29-февралда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана анын тааныштары — ортомчулар С.У. жана Т.А. опузалап жаткан акчадан 4 миң долларды пара катары алган жеринен кармалып, камакка алынган.

Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.