Башкы прокуратура: «Министр орун басарынан 1 миллион сом опузалап пара талап кылган»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан 1 миллион сом опузалап пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Башкы прокуратурага Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов арыз менен кайрылып, Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап андан өзүнүн кызматтык бөлмөсүнө бир нече ирет чакырып, ээлеген кызматынан кетирүү тууралуу коркутуу менен басым жасагандыгын айткан. Ошондой эле ал 1 миллион сом пара берүүсүн талап кылгандыгын билдирген. Ѳз учурунда Улук-Бек Бектурганов ээлеген кызматынан кетүүсүнөн жана ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда Алымкадыр Бейшеналиевдин оозеки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-берене (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.